Бүгүн, 12-майда КСДП фракциясынын жыйынында депутат Төрөбай Зулпукаров тамаша иретинде улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдон марихуананы мыйзамдаштыруу идеясы тууралуу сурады. Абдыгулов "марихуананы мыйзамдаштыруу менен туристтерди тартса болот" деген идеясы ылайыксыз тамаша болгонун айтты.
Депутаттар популярдуу тамаша экенин билдиришти.
Эске салсак, 2-майда 2040-жылга чейин Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүү улуттук стратегиясына байланыштуу жыйында улуттук банктын төрагасы "өлкөдө марихуананы мыйзамдаштыруу менен туристтерди тартса болот" деген идеясын белгилеген.