Бүткүл дүйнөлүк банк Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикалык абалы тууралуу докладын жарыялады. Ага ылайык, бул жылы ЕАЭСке мүчө мамлекеттердин арасында Кыргыздын экономикасы тез өсөт.
"Кыргыз экономикасы 2016-жылга караганда өстү, бирок негизги көрсөткүчтөр жетишсиздиктерди жана өсүүнүн сапатын жашырууда. Келечекте экономиканын өсүшү болот, бирок сырткы факторлордун алдында алсыздыгы сакталат", - деп жазылат докладда.
Докладда өткөн жылы Кыргыздын ички дүң продукциясы 3,8 пайызды түзсө, быйыл 3,4 пайызга чейин төмөндөй турганы көрсөтүлгөн. Бул алтын казууну азайтуу пландаштырылганына байланыштуу экени белгиленип, аны менен бирге өнөр жай тармактары өсөрү жазылган.
Докладга ылайык, Орто Азия боюнча Тажикстандын ички дүң продукциясы 6,5тен 5,5 пайызга чейин, Өзбекстандыкы 7,8ден 7,6га чейин төмөндөйт. Түркмөнстандыкы 6,2ден 6,3 пайызга жогорулайт. ЕАЭСке мүчө болгон мамлекеттердин ички дүң продукциясы өскөнү менен, көрсөткүч боюнча Кыргыздыкына жетпеси аныкталган.