Атыр Абдрахматова: "БШКда баарынын бирдей ойдо болушу коомдо ишенбестик жаратат"

Социалдык тармакта Атыр Абдрахматованы БШК төрайымынын орун басарлыгынан кетирүү аракети жүрүп жатканы айтылып жатат. Абдрахматова күн тартибинде бул маселе жок экенин, андыктан комментарий берүүгө эртерээк экенин билдирди. Бирок БШКда пикир келишпестиктер бар экенин ырастады.

"Мен Борбордук шайлоо комиссиясынын ишмердүүлүгү мыйзамдын негизинде болушун, мыйзамдын талаптары баарына бирдей колдонулушун талап кылып жатам. Кайсы жаран кайрылбасын баарына бирдей мамиле болуш керек. Ушундан улам айрым учурларда, чечимдерди кабыл алууда пикир келишпестик болуп жатат.
БШКнын милдети - ар кандай пикирлердин негизинде коллегиялуу, мыйзамдуу чечим кабыл алуу жана шайлоо өткөрүү. Комиссиянын курамы президенттин, Жогорку Кеӊештин көпчүлүк коалициясынын жана парламенттик оппозициянын сунушунун негизинде парламент тарабынан бекитилет. Ошондуктан БШКнын бардык мүчөлөрү бир ойдо, бир позицияда болушу коомчулукта ишенбестик жаратмак. Менин же башкалардын айрым маселелер боюнча ар башка пикирде болуп жатканы - БШКнын көз карандысыз, өз алдынча иштеп жатканынын далили", - деди Абдрахматова.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан