SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Чач көп түшкөндө эмне кылыш керек?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Чач гормондордун бузулушунан, А витамини, кальций жетишпесе да түшөт, ошондой эле боёктон да болушу ыктымал. Алгач себебин билип алганыңыз оң. Ошентсе да бир рецепт жаза кетейин. Пияздан жасалган маска чачыңыздын түбүн бекемдейт, өңүн жакшыртат, азыктандырат, өстүрөт. Пиязды майдалап анын согун чачты жууганга чейин 2 саат мурун башыңыздын түбүнө сүйкөп анан жылуу баш кийим кийип алыңыз. Анан жууп коёсуз".
"Азыр сууда таш менен хлор көп, ошондуктан алар чачтын составын талкалайт. Таш дегеним майда кумдар. Анан Кыргыз аймагындагы суунун түзүмүндө мышьяк көп, ошол да себеп болушу мүмкүн".
"Бардык маскаларды жасап көрдүм, бирок жыйынтык болбоду. Бир күнү сыналгыдан чач боюнча адискардарынын чачын кадимки эле шампунь менен массаж кылып, акырын жулмалабай, башына клеёнка кийгизип, буттарын ысык сууга салып, 15 мүнөткө отургузуп койду. 15 мүнөттөн кийин жууп, жакшынакай, текшерип көрсө кадимкидей эле балапан жаңы чачтар чыгып калды, массажга чейин чоң экрандан чачтын түптөрүн көрсөткөндө, чачтын абалы аябай эле коркунучтуу болчу. Көрсө, биз башыбызды 1 мүнөткө да жеткизбей эптеп жууганда, чачтын түптөрүндө көзгө көрүнбөй кирлер тура бергендиктен, жаңы чачтар чыга албай, витаминдер да ары кире албай кыйнала берет экен. Болгону ошол, 2 күндө бир таза жууп, шампунь сүйкөп, 15 мүнөттөн кийин чайкап, анан жогоруда айткан массажды 1 айда 2 жолу жасап, анан, албетте, стресске кабылбай, кайгырбай жүрө бергиле. Баса, өздүк тажрыйбамдан өткөн".
"Күзүндө же жазында төө уйгактын (лопух) тамырын казып алып сууга жууйт. Анын кабыгын сыйрып же кырып салат. Калган тамырын тарам-тарам кылып бөлүп кургатуу керек. Дарылык үчүн бир бөлүгү тамыр болуп, он бөлүгү суу болсун. Тамырды кайнап турган сууга салып, 10-15 мүнөт жай кайнатат. Кийин 2-3 саатка коюп коюу керек. Анын суусун сүзүп алгандан кийин ошол сууну чачтын түптөрүнө сүйкөп жууп жана ошону менен чайкаш керек экен".
"Чачы түшкөндөргө маска: 1 жумуртканын сарысы, 1 чай кашык бал, коньяк, 1 аш кашык капуста ширеси. Баарын даярдап, 2 саатка коюшуңуз керек. Мындай масканы жумасына бир жолу, үч ай колдонсоңуз чачыңыздын түшүүсүнөн арыласыз".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.