Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-майда өлкөдөгү өзгөчө кырдаалдарды жоюу жана алдын алуу боюнча иштин начардыгынан улам бир катар мамлекеттик органдарынын жетекчилерине сөгүш жарыялады. Анын билдиришинче, өлкөдөгү табигый кырсыктардын алдын алуу жана кырсыктан кийинки кырдаалдарды тезинен жоюу аракеттеринен майнап чыкпай жатат. Ошондой эле бир катар мамлекеттик кызматкерлерге айрым тийиштүү жетекчилерге эскертүү берилди.
Төмөнкү кызматкерлерге сөгүш жарыяланды:
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго, транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловго, Финансы министри Адылбек Касымалиевге сөгүш жарыяланды. Ошондой эле өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн өкүлчүлүктөрүнө, Ош облусундагы бир катар райондордун акимдердин орун басарларына да сөгүш жарыяланды.
Ал эми саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевге, билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевага, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакуновага, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашовго эскертүү берилди.
Белгилей кетсек, буга чейин үстүбүздөгү жылдын 29-апрелинен 3-майына чейин Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жумуш сапары менен жаратылыш кырсыктары катталган Ош жана Жалал-Абад облустарында болгон.
2017-жылдын 3-майында Ош шаарында өткөн селектордук жыйында премьер-министр тарабынан өкмөттүн аппаратына, өзгөчө кырдаалдардын алдын алууда жана аны жоюуда аткарылбаган иш-чаралар тууралуу 10 күндүк мөөнөттө кылдат иликтеп чыгып, тиешелүү сунуш берүү тапшырылган.