Астанада сот аткаруучулар үйүн коргоо үчүн президент Нурсултан Назарбаевдин сүрөтүн дубалга илип алган тургундун турак жайын бузуу аракетин көрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, үйүн бузууга каршылык көрсөткөн Несипкүл Уябаева полициянын аракетине тоскоолдук жаратуу максатында каалгага бензин чачып, кокустан колун күйгүзүп алган. Күч кызматкерлери үйдүн эшигин лом менен бузуп киришкен.
Уябаеванын үйүндө жети киши жашайт, алардын экөө кичинекей балдар. Жергиликтүү бийлик компенсация иретинде 4,7 миллион теңге (1 миллион 2 миң 860 сом) сунуштаган. Бирок үй ээси бийлик сунуштаган суммага башка турак жай сатып алуу мүмкүн эмес экенин айткан.
Маалыматка ылайык, июнь айында Казакстандын борбору Астана шаарында өтө турган “ЭКСПО” эл аралык иш-чарага даярдануу маселеси боюнча 21-апрелде өткөн кеңешмеде Казакстандын президенти Назарбаев Астананын борбордук бөлүгүндө жайгашкан эски үйлөр шаардын көркүн бузуп тургандыгын айтып, нааразычылык билдирген. Жергиликтүү басылмалар Несипкүл Уябаеванын үйү да алардын катарын толуктаарын жазышкан.