Кадамжай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы: "Быйыл гилас 700 гектардан ашуун жерде өстүрүлүүдө"

Кадамжай районунда 700 гектарга жакын жерден гиластын түшүмү алынып, ички базарларга сатылат. Мындай маалыматты бүгүн, 13-майда SUPER.KG порталына Кадамжай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Айдар Асамидинов билдирди.

"Кадамжай районунда 3 түрдүү гилас бар. Учурда эрте бышуучу түрү бышып калды. Чарбагерлерибиз район боюнча 700 гектардан ашуун жерде гиласты өстүрүшөт. Жыл сайын 2 миң тоннадан ашык гилас түшүмү жыйналат. Учурда 1 килограмм гилас 150 сомдон сатылууда. Өткөн жылы жаңы бышканда баасы 80 сомго чыккан. Бул жылы баасы жогору болууда. Айрым мүмкүнчүлүгү бар соодагерлер борбор калаадагы базарларга алып чыгып сатат. Кээ бир жеке ишкерлер жакынкы Казакстан, Орусия өлкөлөрүнө экспорттошот", - деп билдирди Асамидинов.

Эске салсак, буга чейин окурман "Элдик кабарга" Кадамжай районунда гилас бышып баштаганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Shuuldakkyz
2017-05-13 09:30:46
Ошко эртераак жоноткулочу,сураныч!
0
raykray
2017-05-13 20:09:22
биздин бактада бышып калды 200туп бар, берекесин берсин)
0
raykray
2017-05-13 20:11:23
быйыл аз ошогода кымбат, корунуп туратко кун ысып сууп момосу кургап оспой калган,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан