Ала-Букадагы төрөтканалардын шарты кандай?

Кыргызда балдар өлүмү башка өлкөлөргө караганда 4,5 пайызга жогору. Адистер бул маселени эненин бала төрөөгө болгон даярдыгынан жана медициналык жабдуулардын жетишпестигинен деп келишет. Жалал-Абад облусунда 2016-жылдан бери эне менен баланын өлүмү азаюуда. Аталган аймактардын кызматкерлери буга бейтапканадагы оңдоп-түзөө иштерин жана керектүү аппараттардын жаңыланышы себеп деп эсептешет.

“Дем алуусу начарлап отуруп, балам чарчап калган”

Чаткал районунун тургуну Умсунай Жаматаева шарттын жакшырып калганына бирде сүйүнсө, кээде капаланат. Себеби 8 жыл мурун Ала-Бука райондук ооруканасында анын экинчи баласы тийиштүү шарттардын жоктугунан улам чарчап калган.

"2009-жылы Чаткал районундагы төрөт үйүндө көз жаргам. Баламдын абалы начарлап кетип, дарыгерлер мени Ала-Бука райондук ооруканасына жөнөтүшкөн. Ал жерге барганда баламдын дем алуусу начарлап, жакшы боло албай 2 жумадан кийин чарчап калды. Өзүм алыскы Каныш-Кыя айылында жашагандыктан Ош же Жалал-Абад шаарына барып убагында көрүнүп турганга же толгоо башталганда жетип баруу оор болчу. Ошондо баламдын чымындай жаны кыйналып жатып чарчап калган эле. Азыркыга чейин эмнеге анын ден соолугу жакшы болбой төрөлдү, эмнени туура кылбай койгом деп ойлоно берем. Азыр болсо төртүнчү баламды төрөдүм, дарыгерлер башында кесерово жолу менен төрөйсүң деп жатышкан. Бирок өзүм эле жакшы төрөп алдым. Бул баламдын да дем алуусу жакшы болбой жаткандыктан дем алдыруучу аппарат аркылуу текшеришти".

“Ооруканалардагы базардагыдай соодалашуу токтошу керек”

Умсунай Жаматаеваныкына окшогон тагдырлар Жалал-Абад облусунда акыркы 4-5 жылда көп катталган. Буга негизги себеп - төрөтканаларда шарттардын жоктугу жана медициналык жабдуулардын эскилиги жетип, колдонуудан чыгып калганы. Ал эми 2015-жылы Ала-Бука районунда балдардын өлүмү 25 болсо, 2016-жылы 16га түшкөн. Өлүм көрсөткүчүнүн азайышына аталган аймактын дарыгерлери ооруканада бардык шарттын жылуу суу, муздак суу жана керектүү делген жабдуулардын келгенин жана кызматкерлердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу максатында жүргүзүлүп жаткан аракеттер таасир берүүдө деп эсептешет. Ошондой эле балдардын өлүмүнүн көбөйүшүнө анемия оорусу да таасир берип келет. Кыргызда бул илдетке кабылгандар 57 пайызды түзөт.

БУУнун ЮНИСЕФ балдар фонду Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Баткен облустарында 8 оорукананын төрөт жана балдар бөлүмдөрүн баасы 40 миң долларлык зарыл деп эсептелинген медициналык жабдуулар менен камсыздады. ЮНИСЕФтин Кыргыз жериндеги башчысы Мокуо Юкиэ бул жабдуулардын жардамы менен оор абалда жаткан балдардын өлүмдөн сактап калуу негизги максат дейт. ЮКИЭ айымдын айтымында, кислород концентраты бар заманбап дем алдыруучу бул аппараттар электр өчүп калган учурда дагы батареянын жардамы менен иштей берет. Балдардын дени сак төрөлүшү үчүн эненин боюнда бар кезиндеги кылган аракеттери, тамактануусу жана дарыгерлерге маал-маалы менен көрүнүп турганы зарыл деп эсептээрин билдирсе, саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев өз сөзүндө Кыргыз мамлекетинде бардык төрөтканалар төрөт бекер кабыл алынарын баса белгилеп, ооруканалардагы базардагыдай соодалашууну токтотуу керек экенин айтты.

“Неберем ооруганда айлам кетип, ата-энесин чакырттым”

Ала-Бука районунда көпчүлүк тургундар жаш балдар менен энелердин өлүмүнө өздөрүн да күнөөлүү деп эсептешет. Себеби көпчүлүк жаш келиндер убагы менен дарыгерге барбастан, күндөлүк жашоо тиричилик менен алпурушуп, ден соолукту экинчи планга калтырып жатабыз деген пикирде. Ошондой эле айылдагы дагы бир маселе - карып калган ата-энелерине балдарын таштап иштеп келүү үчүн ар тарапка кетиши. Арзыкан Мамакеева 1 жарым жаштагы небересин багып жүргөн. Жакында небереси катуу ооруп, айласы кеткенде небересинин ата-энесин чакырткан:

"Эки күн мурун неберемдин ичи өтүп, куса боло баштады. Кечке чейин жакшы болбогондуктан, айылдын доктурларына көргөзүп, алар жазып берген дары-дармекти берип көрдүм. Кичине жакшы болумуш болуп кайра кусуп, ичи өткөнү башталды. Айлам кетип, “ооруканага жаткыралы” деп Бишкектеги неберемдин ата-энесин чакырттым. Ала-Буканын ооруканасына келсек бул жактагылар Жалал-Абаддан врачтарды чакыртып, небереме операция жасашты. Көрсө, неберемдин ичегилери түйүлүп карайып кетиптир. Медицинада муну “Меккель дивертикулу” деп коюшат экен. Ичегинин карайып кеткен жерин кесип кайра эки ичегини бириктиришет экен. Карайган ичегини кесип түйүп коюшту, эми экинчи операция Бишкекте жасалат".

“Эне-баланын саламаттыгына ички, тышкы миграция таасир берүүдө”

Ала-Бука аймактык ооруканасынын хирургу ооруп калган адамдар дайыма кеч кайрылышарын, өз алдынча дарыланып үйдө жата беришерин айтып өтсө, акушер-гинеколог Мейман Жолдубаева буларга токтолду:

"Балдардын өлүмү былтыр 17 болсо, быйыл 14. Кийинки убакта ай-күнүнө жетип калганда келип жаткандар көбөйүүдө. Убагында каттоого турбай жүрө беришет да, анан алар менен ортодо түшүнбөстүктөр пайда болот. Өткөн жылы Бишкекте иштеп жүрүп, төрөйм деп келген келиндин ичиндеги баласы эбак эле өлүп калыптыр. Өзү дагы билген эмес окшойт. Мунун баарына миграция маселеси таасирин тийгизип жатат деп ойлойм. Аялдардын өлүмү болсо быйыл каттала элек, былтыр эки эне каза болгон. Азыркы аялдардын негизи маселеси каны аздуулук. Биздин райондо да ушул көйгөй чечилбей келүүдө".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
solntse95
2017-05-12 16:40:06
Менин женеми да олтуруп алайын дешкен, кан кетип жатса келмени келтир деп отура беришип. Дагы жакшы апам родзалга кирип барып врачтарды чакыртып,операция жасашып аман калган.
+1
Taalai94
2017-05-12 17:29:25
Менин болом температурасы 39-40менен барса карабай койушкан эптеп эле окууну бутуп барышып иштеп аташат
+1
Joldubai82
2017-05-12 23:46:36
Кече жакында Кок таш Айыл окуругунан торогонуно бир апта отпой коз жумду.Мындай окуялар коп болууда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан