Кыргызстанда 1 мээрман айымга 20 оорулуу туш келет

Учурда Кыргызстанда 30901 мээрман айым иштейт. Ал эми 2012-жылы 3901 мээрман айым жумуштан кеткен, алардын ичинен чет өлкөгө кеткендердин саны 312. Ошондой эле батыш өлкөлөрүндө бир мээрман айымга 5 оорулуу туш келсе, Кыргызстанда алардын саны 20га жетет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 12-Май - Мээрман айымдардын эл аралык майрамы болгондуктан, бүгүн, 13-майда Таш-Дөбө айылындагы Кыргыз курорттук жана ден соолукту калыбына келтирүүчү илим изилдөө институтунда аларга арналып майрамдык жыйын өтмөкчү. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан