12-май күнү, саат 14:00гө карата жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткан Өзгөн жана Чоң-Алай райондорунун тургундарына жардам берүү максатында ачылган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебине учурда 1 миллион 380 миң сомдон ашуун каражат чогулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ага ылайык, учурда жер титирөөдөн жабыр таркан чоң-алайлыктарга жардам берүү максатында ачылган эсепке 745 миң 43 сом 88 тыйын чогулса, Өзгөн районунун Аюу айылындагы жер көчкүдөн жабыр тарткандардын эсебине 642 миң 321 68 сом 68 тыйын чогулган.
Өзгөн районундагы жер көчкүнүн кесепетинен жабыркагандарга акчалай жардам которуу үчүн реквизиттер:
Эсеби: 4407012100009282
Ош РОК 701
Төлөм түрү 2100
ИНН 00103200110150
Чоң-Алай районундагы жер титирөөнүн жыйынтыгында жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн реквизиттер:
Эсеби: 4407012100009383
Ош РОК 701
Төлөм түрү 2100
ИНН 00103200110150