SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Аялдары күйөөсүнө эмнеге "бербейт?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы автордун билдирүүсү: "Эки жаш балалуу болгондон кийин аялы күйөөсү менен иши жок болуп калабы? Кечээ бир досум айтып калды. Өзү 6 ай мурун уулдуу болгон, "азыр келинчегим мага "бербей" жатат. Кечинде жумуштан келип чай ичип, түнү жатканыбызда 1 айдан бери "бербей", "кач, ары тур, көрүп жатасың го, бала мененмин" деп менден качып жийиркенип жатат. Мени менен иши жок болуп калды. Эмне кылыш керек" дейт. Кана, достор, бул эмне деген нерсе? Келинчеги бала менен болуп чарчаганбы? Же психикалык жактан болушу мүмкүнбү?"
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Мен эне, аял болуп ал келинди түшүнөм. Бала 4 айдан баштап талпынып, жаны тынбай калат, бала багыш кыйын эле: түндөсу ыйлайт, жалаяк которуш керек жана башка ушул сыяктуу себептерден келин баласы менен чарчап, күйөөсүнө убактысы жетпей жатса керек. Досуңузга кеңешим, кичине сабырдуу болуп, аялына түшүнүү менен мамиле жасап, аялынын депрессиясы өткөнчө күтө турсун, анан баары ордуна келет".
"Куран китепте жазылган, аял күйөөсү каалаган убакта бериш керек, бербесе бул чоң күнөө болот экен. Себеби эркек чыдабай кетип башкага кетип калбаш үчүн аял киши күйөөсүнө көңүл буруп турушу керек. Досуңа түшүндүрүп айтып кой, аялы экөө ушуну окуп коюшса жакшы болот. Башкаларга да сабак болот деп ойлойм".
"Муну баласы бар келиндер эле түшүнбөсө, көпчүлүк түшүнбөйт. Баласы 6 айлык болуп калса, кыйын эле кез экен. Аял киши күйөөсүнөн жийиркенбейт, анын себебин санап отурган менен пайда жок. Берер кеңешим: аялын күнөөлөгөндүн ордуна көбүрөөк бала караганга жардам берсин. Ошондо баары жайында болот".
"Аяшың төрөттөн психологиялык жабыр тарткан окшойт. 6 айлык бала чоң эле бала, ага шылтаганы, жийиркенгени жөн жерден эмес. Аяшыңдын азыр, досуңа болгон сексуалдык каалоосу жок, бул көп фактордон улам болушу мүмкүн. Бала дегенине ишенбейм, досуң аялы менен сүйлөшүп, сексопотологго кайрылышы абзел".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.