Сузак районунун Багыш айыл аймагында эки мектептин окуучулары бир мектепте окуп жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда SUPER.KG порталына Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Эки жыл мурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Шамшы Базарбаев атындагы орто мектептин имараты пайдаланууга жараксыз деп чечим чыгарып берген. Учурда аталган мектептин 315 окуучусу Жоомарт Бөкөнбаев атындагы жатак мектепке барып, билим алып жатышат. Мектеп көйгөйү туурасында тийиштүү тараптар министрликке, өкмөт жетекчилигине кайрылышкан", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Жоомарт Бөкөнбаев атындагы жатак мектепте учурда 168 окуучу билим алса, алардын ичинен 56 бала томолой жана жарым жетим балдар.