Бүгүн, 12-майда президент Алмазбек Атамбаев Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Жолугушууда мамлекет башчысы тоо кен тармагындагы иштердин айкындуулугун мындан ары карай жогорулатуу жана коррупциялык тобокелчиликтерди жоюу, инвестицияларды тартуу жана геологиялык иштерди жайылтуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат алды.
Өлкөдөгү ири тоо кен ишканаларынын иштери тууралуу баяндоо менен Дүйшөнбек Зилалиев “Кумтөр” долбоорундагы Кыргыз мамлекетинин экономикалык кызыкчылыктарын илгерилетүү жана пайда болгон экологиялык маселелерди жөнгө салуу боюнча канадалык “Центерра” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү жөнүндө президентке айтып берди.
Алмазбек Атамбаев жаратылыш байлыктарын натыйжалуу жана рационалдуу пайдалануу, ошондой эле тоо кен ишканаларынын ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу менен өлкөнүн жана анын жарандарынын кызыкчылыктарын коргоонун зарылчылыгын баса белгиледи.