Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында "Таза Коом" долбоорун ишке ашыруу боюнча Кеңеш түзүлдү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында "Таза Коом" долбоорун ишке ашыруу боюнча Кеңеш түзүлдү. Мындай чечим бүгүн, 12-майда премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында өткөн жыйында кабыл алынды.

Премьер-министр "Таза Коом" долбоорун ишке ашыруу менен, координациялык орган түзүү муктаждыгы келип чыкканын белгиледи. Анын айтымында, кеңешти түзүүнүн максаты - электрондук башкаруу багытындагы саясатты иштеп чыгуу болуп саналат. Кеңеш электрондук башкарууга өтүү үчүн стратегиялык мүнөздөгү сын-пикирлерди берүүчү орган болуп калат жана сунуштарды иштеп чыгууну камсыз кылат.

"Кеңештин "Таза Коом" долбоорун ишке ашыруудагы башкаруу схемасы бардык кызыкдар тараптарды өзүнө камтуу менен, мобилдүү болуп калуу үчүн түзүлгөн. Долбоор жалпы эле мамлекеттик жана коомдо өзгөртүү катализатору катары кызмат кылууга тийиш жана буга биз биргеликте жете алабыз", - деди Жээнбеков.

Өкмөт башчы маалымдагандай, Digital CASA долбоору боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Дүйнөлүк банк мурда жактырылган 20 миллион АКШ доллар суммасын 50 миллион АКШ долларына чейин көбөйтүү жөнүндө сунушту демилгеледи.

Белгилүү болгондой, Кеңештин төрагасы болуп премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, тең төрагасы болуп президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков эсептелет. Кеңештин курамына Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары, Жогорку соттун төрагасынын орун басары, Коопсуздук кеңешинин катчысы, маалымат-коммуникациялык технология жана бизнес ассоциация тармагындагы жарандык коомдун жана эксперттердин өкүлдөрү кирет.

Маалымат үчүн

"Таза Коом" долбоору Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан демилгеленип, мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү, жарандык коом жана бизнестин күчү менен ишке ашырылат. “Таза коом” долбоору – бул айлана-чөйрөгө зыян келтирбестен, адамзат капиталын жана инновациялар жетекчиликке алган жалпы улуттук жогорку технологиялык долбоор. Долбоор жарандардын социалдык-укуктук жашоо-турмушунун бардык чөйрөлөрүн өз ичине камтып, алардын жашоосунун сапатын жана коопсуздугун арттырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KGstan1981
2017-05-12 18:51:24
Коомубуз Кудайга шугур таза эле.Мына Дача-Суудагы авиа кырсыкка коомубуздан 100млн сом акча топтолду.Ошону учун Таза бийлик деп долбоор тузуш керек.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан