9-майда Бишкекте эл аралык Көк бөрү федерациясынын конгресси өтүп, федерациянын курамына Иран, Монголия жана Түркия өлкөлөрү кошулду. КРнын Көк бөрү федерациясы билдиргендей, иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай, Орусия жана Ооганстандын Көк бөрү боюнча улуттук федерациясынын өкүлдөрү катышты. Анда федерациянын курамына жаңы кошулган мамлекеттердин көк бөрү боюнча улуттук федерациясын түзүү керектиги айтылды. Мындан сырткары көк бөрүнүн Азия чемпиондугун 10-15-сентябрь күндөрү Казакстандын Астана шаарында өткөрүү тууралуу сөз болду. Ошондой эле КРнын Көк бөрү федерациясынын президенти Канатбек Исаев аталган эл аралык федерациянын башкы катчысы болуп шайланды.
Эске салсак, эл аралык Көк бөрү федерациясы 2001-жылдын 9-ноябрында түзүлгөн. Анын негиздөөчүлөрү Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрү.