Чүй облусундагы 4 күндүк рейддин натыйжасында 28 унаа айып жайга токтотулду

Чүй облусундагы 4 күндүк рейддин натыйжасында 28 унаа айып жайга токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, "Жашоону сакта!", "Ылдамдыкты азайт!" деген аталыштагы рейд Чүй облусунун аймагында 8-майда башталган. Иш-чаранын негизги максаты жол кыймылынын коопсуздугун сактоо. Рейддин натыйжасында жол эрежесин бузуу боюнча 334 административдик протокол түзүлүп, 28 унаа айып жайга токтотулду.

Бул аталыштагы рейд Чүй облусунун аймагында дагы уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан