Нарын шаарында жаңы салынган жол бузула баштады. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
Окурмандын айтымында, Нарын шаарынын борбордук көчөсү бир-эки жыл мурун эле оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.
"Бирок ага карабай жолдор тешилип, бузула баштады. Айдоочулар аңдардан качабыз деп, каршы тилкедеги унаалар менен сүзүшкөн учурлар болууда. Андан сырткары жолдун ортосундагы люктарды дагы жакшылап тегиздеп коюшкан эмес. Бул жол Нарын шаарындагы жалгыз негизги жол. Жалпы узундугу 18 чакырым. Негизги жол болгондуктан жыртык-тешиктерди бүтөп коюшса жакшы болмок", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.