Бүгүн, 13-майда ЖКнын тийиштүү комитетинде өкмөттүн 2012-жыл боюнча отчёту угулат
Парламенттин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитети 13-майда өкмөттүн 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча отчётун угат. Анда негизги баяндамачы катары вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев өкмөттүн былтыркы жасаган иштери тууралуу депутаттарга кеңири маалымат берет. Мындан сырткары Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев, Ички иштер министри Абдулда Суранчиев, Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, УКМКнын төрагасы Бейшенбай Жунусов, Чек ара кызматынын жетекчиси Токон Мамытов өздөрү башкарган тармак боюнча маалымат берип, эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп беришет.