Бир гана миллионерлер уча турган учак (фото)

Кадимки Boeing 787 учагы 240-335 орундуу. Бирок VVIP белгиси бар ушул эле Боингде болгону 30 орун бар. Албетте, ал чартердик каттамдарды аткарбайт. Учак саатына 25 миң долларга ижарага берилет.

Тактап айтканда, Лондондон Нью-Йоркко учуу 205 миң доллар турат. Бул акылсыздык дегендер болушу мүмкүн, бирок укмуштуудай жашоого көнгөндөр үчүн эмес. Учак ичинен кымбат пентхауска окшош деп жазышат басылмалар.

Жүргүнчүлөр үчүн 700 чарчы метрден ашык аянт бар: конференц-зал, 8 уктоочу бөлмө, бир нече жуунуучу бөлмөлөрү жана ашкана. Дааратканалар мрамор менен кооздолгон. Ал эми терезелери кадимки учактыкынан чоң. Интерьерде тик бурчтар жок. Экипаж мүчөлөрү дизайнердик форма кийишет.

Dream Jet такыр конбой 15 миң чакырым аралыкты же 17,5 саат жол жүрө алат. Кардарга каалаган жагына учуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Учурда эң популярдуу каттам Лондон-Пекин жана Гонконг-Лос-Анжелес. Учакты көбүрөөк бейиштей болгон Бора-Бора аралында көрүү мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Medinaa
2017-05-13 08:57:22
25000$үй сатып алмакмын(((
+7
ekalove
2017-05-13 09:22:37
Medinaa,Сен сатып алмаксың!
Миллионерлерде акча көп үйү бар ошон үчүн мындай самолеттерге тушот!
+10
bond
2017-05-13 13:03:25
Medinaa,мен бир жолу заказ кылып уйу жок калдым.
+1
Narynym
2017-05-13 09:05:18
Керемет учак экен
+4
bond02
2017-05-13 09:13:32
Андан коро бактын колокосуно уктаган жакшы.
+26
Riokyrgyz
2017-05-13 09:28:37
bond02,эн туура,ашыкча ысырапкорчулукка да жооп бересин,мин миллионер болсон дагы.
Бул учакта учсан журогун ооруйт акчасын ойлоп,бактын тубундо уктасан журогун эс алат.
+15
Kroxa
2017-05-13 09:25:27
205 мин доллар ар бир учууга толошсо миллиардерлер учат турбайбы..
+1
Jangazy
2017-05-13 10:04:30
суу темир челекте да, алтын челекте да сууда. VIP самалётко чыксанда арзан самалётко чыксада ошол адамда
+4
dina1983-19
2017-05-13 10:57:47
Мульти милионерлерда учса болобу.
-1
Aidani
2017-05-14 10:03:38
dina1983-19, Учурайын дедин беле атабызды
0
AKCHA
2017-05-13 11:15:58
Ал менин кыялымдагы жомок, жомокто жашап калсам болмок )))
+3
JemesRodrigues
2017-05-13 12:22:21
Уйдой эле экен ичи
-1
talant87
2017-05-13 13:24:41
bizdin nylga kumbat 25mun somdoigo alarga
0
zzari-83
2017-05-13 14:27:05
Чыын, байларга бул акча эч нерсе эмес экен көрүп жүрбөйбүзбү.
0
mirkaa5182
2017-05-13 14:46:51
Укмуш го, учкандар учу берсин, алыбай алына жараша да.
0
Han1111
2017-05-13 15:20:38
25мин доллар. Эмне деген акча?
Карапайым адам 25долларга бир күн иштесе, жөнөкөй бир адамдын 1000 күн иштегенин миллионер адам 1 саатта коротот..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан