11-майда Чүйдүн Москва районундагы Макапи көлмөсүнө бир адамдын чөгүп кеткендиги тууралуу ӨКМга билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге 6 куткаруучу барып, чөккөн адамдын сөөгүн чыгарып, ички иштер кызматкерлерине өткөрүп беришти. Каза болгон жаран аталган райондун Беловодск айылынын тургуну 1987-жылы туулган Геннадий Мищенко экендиги белгилүү болду. Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.