Кечээ, 12-майда Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багында "Ден соолук" фестивалы өттү. Бул иш-чарада катышуучуларга жаратылыш кырсыктары болгон учурдагы иш-аракеттер, керектелүүчү жабдыктар, биринчи жардамды көрсөтүүнүн жолдору тууралуу маалымат берилди.
Андан сырткары шахмат сүйүүчүлөрдүн ортосунда мелдеш уюштурулуп, ден соолугун чыңдоону каалагандар үчүн йоганын бир нече кыймылдары көрсөтүлдү. Фестивалда тажрыйбалуу тикмечилер жаштарга ийик ийрүүнү үйрөтсө, жаш балдар сүрөт тартуу менен алектеништи. Ошондой эле маскарапоз тамашалары менен балдардын көңүлүн көтөрүп, сейил бакта майда жаныбарлар менен чакан зоопарк да уюштурулду. Кызыктуу иш-чаранын аягы Кыргыз мамлекеттик цирктин акробаттары көрсөткөн от оюну менен жыйынтыкталды.