Министрлик: "Ноокен районунда окуучулардын эмнеден ууланышканы белгисиз, изилдөө иштери жүрүүдө"

Ноокен районунда окуучулардын эмнеден ууланышканы белгисиз, изилдөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык департаментинин кызматкерлери уулануунун келип чыгуу себептерин аныктап жатышат. Окуянын жеринен көзөмөлдөө үчүн саламаттыкты сактоо министринин орун басары Олег Горин эртең менен учуп кеткен.

Айта кетсек, окуя кечээ, 12-май күнү Ноокен районунун Тоскоол айылында катталган. Анда 20дан ашык окуучу сабак учурунда эс-учун жоготуп, ооруканага жаткырылган.

Ноокен райондук оорукананын башчысы Шамшидин Абдирешовдун айтымында, балдардын абалы жакшы. Алдын ала божомол боюнча, окуучулар сууга ууланышкан. Анткени алар чоргосу жок челектен кружка менен суу ичишчү.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Begimai85
2017-05-13 16:44:35
Суудан кандайча ууланышат Ноокен боюнча Тоскоолдо суу таза болуш керек,анткени аякта булактан чыгат да суу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан