Бүгүн, 13-майда футбол боюнча өлкө биринчилиги-Топ-Лиганын 6-туру старт алат.
Анда Кара-Балта шаарынын "Манас" стадионунда "Кара-Балта" бишкектик "Дордойду" кабыл алат. Чүйдүн командасы азырынча бир да упайга ээ эмес, "Дордой" 7 упай менен 3-орунда.
Кочкор-Ата шаарында жергиликтүү "Нефтчи" Оштун "Алай" командасы менен ойнойт. "Алай" 13 упай менен турнирдик таблицада 1-орунда келе жатат.
14-май күнү Кантта "Абдыш-Ата" "Алганы" кабыл алат.