Ош облусунун Өзгөн районундагы жер көчкүнүн жана Чоң-Алай районундагы жер титирөөнүн кесепетинен жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү максатында акча каражаттарын которуу үчүн эсеп ачылган эле. ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 13-майда атайын эсепке которулган акчалардын суммасы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, Чоң-Алайдагы жер титирөөдөн жабыркагандарга акчалай жардам көрсөтүү үчүн эсепке жарандар 1 миллион 321 миң 924 сом которушкан. Ал эми Өзгөндөгү жер көчкүдөн жабыркагандарга жардам катары 1 миллион 109 миң 209 сом өлчөмүндөгү акча атайын эсепке келип түшкөн.