Кыргыз милиция кызматкери Суданда райондук ички иштер органынын командири болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын ИИМинин өкүлү Санжар Тургумбаев Судандын Дарфур провинциясынын Эльфашер-2 районунун ички иштер органынын (Team Site) командири болуп дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы 12-майда билдирди.

Маалыматка караганда, БУУнун Миссиясында Дарфур аймагында 35 райондук ички иштер органдары бар. 2016-жылдын октябрь айында БУУнун Дарфурдагы Миссиясынын полициялык компотентинин жетекчилиги командирлик кызматка сынак жарыялаган. Ага 30 талапкер ат салышкан. Финалга Кыргыз, Гамбия, Танзания, Нигерия, Ганадан келген талапкерлер чыгып, кийин жазуу түрүндө сынак болгон.

"2017-жылдын мартында сынактын жыйынтыгы менен командирликке Санжар Тургумбаев дайындалган. Ал дүйнөнүн 23 өлкөсүнөн келген (Индонезия, Германия, Нигерия, Фиджи, Иордания) 68 полиция кызматкерлери жана ошондой эле Египеттен 170 тынчтык орнотуучуларга жетекчилик кылат. Эльшафер-2 районунун аймагында 100 миң киши жашаган калктуу кошуун, 2 качкындар лагери бар", - деп айтылат маалыматта.

Санжар Тургумбаев мурда Бишкек ШИИББинин ыкчам бөлүмүндө кызмат өтөгөн. Экстремизмге каршы күрөшүү жана кылмыш иликтөө бөлүмүндө иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
butun.kg
2017-05-13 14:26:13
Молодец.
+7
aibars
2017-05-13 14:46:59
Азамат
+5
BarsBaatyr
2017-05-13 14:51:57
Ийгилик каалайбыз!
+3
Drongo
2017-05-13 16:52:06
Санжар,азаматсын!
+2
uz.nookat
2017-05-13 23:12:34
Кандай сүйүнүчтүү кабар азаматсын
0
bolotbeck1983
2017-05-14 02:48:10
Эң сонун! Азамат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан