Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева “Тилекмат Аке” төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондунан билдиришти.
Маалыматка караганда, сыйлык 11-май күнү Улуттук Консерваториянын чоӊ залында "Кыргыз Республикасынын Дипломаттар биримдиги" тарабынан берилди. Бул сыйлык Кыргыз өлкөсүнүн чет өлкөлөрдөгү кадыр-баркын көтөрүүгө салым кошкон жана өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринде өзгөчө кызмат өтөгөн инсандарга берилет.
“Тилекмат Аке” сыйлыгына Роза Отунбаева менен бирге Түркия мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы элчиси Метин Кылыч дагы татыды.
Айта кетсек, “Тилекмат Аке” сыйлыгы 2014-жылдан бери "Кыргыз Республикасынын Дипломаттар биримдиги" тарабынан берилип келет.