Индонезиянын жээгине 15 метрлик белгисиз жандыктын денеси сүрүлүп чыкты

Индонезиянын Серам аралынын жээгине 15 метрлик белгисиз жандыктын денеси сүрүлүп чыкты. Бул тууралуу Jakarta Globe басылмасы жазган.
Ал жандыкты кээ бири кальмар десе, айрымдары кит деп болжолдошууда. Алгач аны тапкан Асрул Туанакот аттуу 37 жаштагы жергиликтүү тургун, жандыкты кайыкка окшоштуруп койгон. Жандык табылганга чейин 3 күн мурун өлгөнү болжолдонууда. Анын денеси чирип баштаганда, тургундар жергиликтүү бийликтен аны жок кылууга жардам сурашкан.
Айрым гигант кальмарлардын көлөмү чоң болору жазылат басылмада. Буга чейин тинтүүрлөрүнүн узундугун эсепке алганда 16,5 метрлик кальмар табылганы маалымдалат.
"Жээкке сүрүлүп чыккан айрым жандыктардын өңүн деңиз менен убакыт таанылгыс кылып өзгөртүп коёт. Кээде эмне жандык экенин аныктоо оор болот", - деп жазылган маалыматта.
Индонезиядагы 15 метрлик белгисиз жандык
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Seryi-Kardinal
2017-05-13 16:13:14
Osminog eken
+1
Jangazy
2017-05-13 16:54:25
кызыл фудболкачан колунун неге пнтип алыптыр
-1
aisbaby92
2017-05-13 19:41:37
Кальмарга окшошуп турат, эмнеси болсо дагы, жергиликтуу тургундарга зыяны тийбесин...
+1
PROS
2017-05-14 07:30:46
Эч кандай белгисиз жаныбар эмес, кит эле экен. Кит өлгөндөн кийин ичинде газ толуп көөп чыгат да жарылат. Жарылгандан кийинки абалы ушундай болуп калат.
0
Kroxa
2017-05-14 08:52:12
Сууну булгашпай алышпайбы кан жини сууга синип анан озулору кечип тушуп оорусу болсо жуксун...чонойгонунан деле сузо албай олсо керек..
+2
Sabway
2017-05-14 15:01:23
Мына сага кызык дуйно билгенден билбегенин коп
+1
Damir.Turgunbaev
2017-05-14 15:30:58
бул кандай жаныбар?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан