Кечээ, 12-майда Бишкектеги Байтик баатыр көчөсүндө сүзүлгөн кыздын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
"Учурда 2006-жылы туулган М. кызы Кнын абалы канааттандырарлык. Тийиштүү деңгээлде дарылоо жүргүзүлүп жатат. Азырынча аны ооруканадан чыгаруу тууралуу суроо карала элек", - дейт министрликтин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова.
Эскерте кетсек, жолдон өтүп бара жаткан эки окуучунун бирин Лексус RX 300 үлгүсүндөгү, ал эми экинчисин Хонда Сивик үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен. Хонда Сивик үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу кырсык болгон жерден качып кетип, кармалган.
М. кызы Кнын баш мээси чайкалып, бетинин оң жагы, чыканактары жана тизелери тытылган. 2008-жылы төрөлгөн А.Анын оң тизеси көгөрүп калган. Анын абалы канааттандырарлык болгондуктан, дарылануу үчүн үйүнө жөнөтүлгөн.