Мындан 53 жыл мурун, 1964-жылы 13-майда Орус эстрада ырчысы Маша Распутина Кемерово облусунда туулган. Маша Распутинанын өз аты Алла Николаевна Агеева. Ал 1988-жылы Кемерово облусунда Маданият жана искусство мамлекеттик университетин аяктап, Москвага көчүп келип алгачкы "Играй, музыкант" ырын жазган. Бул ыры 1989-жылы хит болуп, "Пхеньян-89" фестивалынын Гран-присин алган. 1991-жылы алгачкы "Городская сумасшедшая" альбомун чыгарып, көпчүлүктү өзүнүн үнү менен таң калтырган. 1992-жылы "Я родилась в Сибири" аттуу экинчи альбомун чыгарган. Андан соң ырчы Филипп Киркоров менен таанышкан. Экөө бат тил табышып, концерт, гастролдорго чогуу барып ырдап калышкан.
1985-жылы Маша Распутина жарандык никедеги күйөөсү, продюсер Владимир Ермаковдон кыздуу болуп, бир нече жыл өткөн соң баш кошушкан. 1990-жылы күйөөсү кызынын мугалими менен мамиледе экенин билип, ажырашып кеткен. Кызы атасы менен жашоону тандаган.
1999-жылы ырчы бизнесмен жана продюсер Виктор Захаровго турмушка чыгып, бир жылдан соң Мария аттуу кыздуу болушкан. Распутина үй-бүлөсү үчүн сахнаны таштаган. Ал 2003-жылы Филипп Киркоров менен "Роза чайная" ырын аткарып, сахнага толугу менен кайткан.
13-майдын жылнаамасы.