Мындан 56 жыл мурун, 1961-жылы 13-майда саясатчы, обончу, аткаруучу Ибрагим Жунусов Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Сарай айылында туулган.
1983-жылы Ош Мамлекеттик педагогикалык институтунун музыкалык факультетин аяктаган.
Эмгек жолун 1984-1986-жылдары Жалал-Абад педагогикалык окуу жайынын окутуучусу болуп иштөө менен баштаган.
1986-жылдан 2002-жылга чейин Ош мамлекеттик университетинин педагогикалык факультетинин окутуучусу, доцент болгон. Ал эми 2002-2005-жылдары Искусство факультетинин деканы, 2005-2007-жылдары Ош мамлекеттик университетинин биринчи проректору болгон.
2007-жылы “Ак Жол элдик партия” саясий партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
Ал эми 2010-жылдын февраль айынан ошол эле жылдын апрель айына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин директору болуп иштеген.
2010-жылы болсо “Ата Журт” идеологиялык демократиялык партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
2010-жылдын 20-декабрынан баштап Кыргыз Республикасынын социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри болуп эмгектенген.
Ал эми 2011-жылдын 24-декабрынан тартып КРнын маданият жана туризм министри болуп дайындалып, 2013-жылдын 26-февралында президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен КРнын Маданият жана туризм министри кызматынан бошотулган.
Ал эми 2014-жылдын 17-сентябрында президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Ибрагим Жунусов Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси болуп дайындалган.