Бүгүн, 13-майда Токтогул ГЭСин модернизациялоо иштери башталды. Буга байланыштуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков катышты. Ал энергетиктерди, жалпы Кыргыз элин өлкө турмушундагы бул маанилүү окуя менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, Токтогул ГЭСин толук модернизациялоо долбоору үч этаптан турат. Анын жыйынтыгында Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 240 МВт`ка көбөйөрү күтүлүүдө, пайдалануу мөөнөтү 35-40 жылга уланат.
Премьер-министр Токтогул ГЭСи ата мекендик энергетиканын флагманы болуп саналарын жана Кыргыз үчүн стратегиялык өзгөчө мааниге ээ экендигин билдирди. Ал Токтогул ГЭСин модернизациялоо өлкөнүн энергетикалык туруктуулугун бекемдеп, энергетикалык көз карандысыздыкка алып келерин белгиледи.
Сооронбай Жээнбеков азыркы шартта энергетика тармагы өлкө экономикасын өнүктүрүүнүн жана көз карандысыздыктын негизги факторунун бири экенин баса белгиледи.
Маалымат үчүн: Токтогул ГЭСи 1975-жылы ишке киргизилген жана өлкөдөгү эң ири электрстанциясы болуп саналат, кубаттуулугу 1200 МВтты түзөт.