Киевде 14-майга караган түнү "Евровидение-2017" сынагынын финалы орун алды. Анда Португалиянын намысын коргогон ырчы Сальвадор Собрал "Amar Pelos Dois" ("Сүйүү эки адамга жетет") чыгармасын аткарып жеӊүүчү аталды.
Ал калыстардын жана көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүнөн кийин - 758 упайга ээ болду. Ал эми экинчи орунду Болгариянын атынан барган ырчы Кристиан Костов ээледи. Молдовалык Sunstroke Project тобу "Hey Mamma" аттуу ырын аткарып 3-орунга татыды.
Жыйынтыгында алдынкы ондукка Португалия (758 упай), Болгария (615 упай), Молдова (374 упай), Бельгия (363 упай), Швеция (344 упай), Италия (334 упай), Румыния (282 упай), Венгрия (200 упай), Австралия (173 упай) жана Норвегия (158 упай) кирди.
Финалга Молдова, Азербайжан, Греция, Швеция, Португалия, Польша, Армения, Австралия, Кипр, Бельгия, Болгария, Беларусь, Хорватия, Венгрия, Дания, Израиль, Румыния, Норвегия, Нидерланды, Австрия, сынакты негиздеген 5 мамлекеттин (Улуу Британия, Италия, Испания, Франция, Германия) жана Украинанын ырчылары катышты.
Сальвадор Собрал 1989-жылы 28-декабрда Португалиянын Лиссабон шаарында туулган. Бирок балалыгы АКШда жана Барселонада өткөн. 2009-жылы Португалияда Pop Idol сынагынын 3-сезонуна катышып 7-орунду ээлеген. Анын эжеси Луиза Собрал дагы ырчы. Жогорудагы сынактын 1-сезонунда 1-орунду алган. Сальвадор Собрал Лиссабондо психология жаатында билим ала баштаган. Кийинчерээк ал окуусун таштап Барселонада музыкалык окуу жайга тапшырган. 2016-жылы "Excuse me" ("Кечир мени") аталышындагы альбомун чыгарган.
27 жаштагы ырчы тубаса жүрөк кемтиги менен ооруй турганы маалым. Мындан улам ал "Евровидение-2017" сынагынын даярдануусуна катыша албастыгы жана жарым финалга келе турганы айтылган. Маалымат жыйындары болуп калса анын ордуна "Amar Pelos Dois" ырдын автору жана ырчынын эжеси катышары кабарланган. Ырчынын жакындары кырдаал тууралуу айтышканда сынактын уюштуруучулары Сальвадор Собралга акыркы мүнөттөрдө келүүгө уруксат беришкен.
Калыстардын жана көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүнөн кийинки жыйынтык
Добуш берүү учуру
Добуш берүү учуру