13-май күнү Түркиянын Анкара шаарында студенттик кеңештин уюштуруусу менен аталган шаарда билим алып жаткан Кыргыз өлкөсүнүн студенттеринин катышуусунда "Достук" мелдеши болуп өттү. Студенттер спорттун футбол, волейбол, кол күрөш жана шахмат түрлөрү боюнча ат салышты.
"Бул иш-чаранын максаты - студенттерибизди ынтымактуу алып жүрүү. Бул турнир алгачкы жолу былтыр өткөрүлүп, көп студенттерди чогулткан. Бул жолу экинчи ирет болуп жатат", - дешти уюштуруучулар.