Ошто Мицубиси Пажеро унаасы кырсыкка учурап, бир адам көз жумду

Ош облусунда жол кырсыгы катталып, бир адам көз жумганын Ички иштер министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык,  кырсыкка Мицубиси Пажеро унаасы менен жол жүрүп бара жаткан Кара-Кулжа районундагы Түшүнүк айылынын 2 тургуну кабылган. “Айдоочу тик жолдон рулду башкара албай калып, унаа бир нече ирет аласалып кеткен. Натыйжада унаанын ичинде бара жаткан 47 жаштагы жүргүнчү каза болгон”,- дейт ИИМ. Ал эми унаанын айдоочусу оор жаракат алып, облустук ооруканага жеткирилген. Кырсык 8-май күнү саат 11:30 чамасында болгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан