Кинорежиссёр, сценарист, Кыргыз Республикасынын Эл артисти (1991-жылы), Кыргыз искусствосуна Эмгек сиңирген ишмер (1974-жылы) Геннадий Базаров 1942-жылы 14-майда Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылында туулган.
Геннадий Базаров 1966-жылы Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун бүткөн.
Эмгек жолун 1959-жылы "Кыргызфильм" киностудиясында баштаган. Адегенде жумушчу, оператордун ассистенти, кийинчерээк режиссёрдун ассистенти болгон. Окуп жүргөндө кыска метраждуу "Намаз окуу" жана "Тыныгуу" аттуу киноновелла тарткан.
1967-жылы "Саманчынын жолу" (сценарийин жазгандар: Ч.Айтматов, Б.Добродеев, И.Галанкин) фильмин дипломдук иши катары тасмага түшүрөт. "Буктурма" (1966, X.Булатов, Дегальцев, А.Шаршенова), "Көчө" (1973, М.Гапаров), "Биринчи" (1984, Г.Базаров, Л.Дядюченко), "Көз кареги" (1975, Л.Дядюченко) кинотасмаларды, "Бойго жеткендер үчүн баш калкалоочу жай" (1986), "Айың" (1989), "Аномалия" (1991) көркөм фильмдерди жана "Антракт" (1994), "Түндө" (1995) кыска метраждуу новеллаларды, документ фильмдерден "Искусство жөнүндө баян" (1974), "Жазуучу" (1980), "Чыңгыз Айтматов" (1980) жана башка тарткан.
Маданият жана искусствонун ишмерлери А.Токомбаева, Н.Байтемиров, А.Темирова, Г.Ажыбекова жана башка жөнүндө кинопортреттердин галереясын түзгөн. Андан сырткары Геннадий Базаровдун "Прикосновение к личности" (1986), "Пауза для размышления" (1985), "Гримаса" аттуу повесттери чыккан.
14-майдын жылнаамасы.