Индияда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз өлкөсүнөн чыккан Магомед Мусаев коло медаль утту.
Эркин күрөш боюнча 97 килограмм салмакта беттешке чыккан Магомед таиланддык жана казак балбандарын жеңген.
Жарым финалда өзбек спортчусуна жеңилип, 3-орун үчүн күч сынашты.
Анда монголиялык Бацул Улзисаханды 7:2 эсебинде жеңип, коло байгенин ээси аталды.