Cузакта 122 кой ууланып өлдү

12-майда Жалал-Абад облусунун Сузак айыл өкмөтүнө караштуу Ат-Чабар айылында уулуу заттар көмүлгөн аймактан оттогон 122 кой ууланып өлдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет. Чабан Токторалы Хажиматов бул койлорду элден чогултуп, жайлоого көчкөнгө чейин убактылуу ушул аймакта багып турмакчы болгон. Уулуу заттар көмүлгөн аймак атайын тосулбагандыктан, алюминий идиштерди (фляга) алуу максатында белгисиз жарандар тарабынан мурда казылган. Учурда ал жерде райондук жарандык коргоо комиссиясы иш алып барып, өлгөн койлорду көмүү жана калк арасында уулуу заттар көмүлгөн жерге жакындабоо, мал жайбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Учурда келтирилген чыгымдар менен кырсыкка күнөөлүүлөр боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nazira1989
2013-05-13 11:46:00
Чабанга эле жаман болуптур го,ушундай аймактарды созсуз бир окуя болуп отмоюнчо карабайбыз да,эртераак айтып маалымат берсе койлор да олбойт беле,чабан да кыйналмак эмес.
0
nurik9090
2013-05-13 11:58:18
после пожаром териштирип тушундурбой башында айтыш керек елге
0
admin_superstan
2013-05-13 12:20:00
tynara81, башкалардын улутун кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынган.
Азырынча эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан