Бүгүн, 14-майда Кант шаарында "Автоунаалардын салгылашуусу" фестивалы өтүүдө. Бул иш-чарага жалпысынан 10го жакын Советтер Союзунан калган Жигули, Запорожец, Москвич үлгүлөрүндөгү эски жеңил автоунаалар катышууда. Уюштуруучулардын айтымында, бул фестиваль Кант шаарында экинчи ирет өткөрүлүүдө. Жеңүүчүлөр үй-тиричилик техникалары менен сыйланмакчы. Катышуучулардын арасында өлкөнүн ар аймактарынан келген унаа сүйүүчүлөрү бар.
Кээ бир унаалар эскилиги жеткендигинен салгылашуулардын жүрүшүндө токтоп калган учурлар болууда. Аларды жол тандабастар сыртка сүйрөп жатышат. Оюн талаасында көп май төгүлдү.
Күндүн ысыгына карабай экстримди сүйгөн көрүүчүлөр да келишкен. Алардын биринин айтымында, унаалардын тез эле бузулуп жатканы аны нааразы кылууда. "Көбүрөөк экстрим, көбүрөөк адреналин болсо жакшы болмок. АКШда, мисалы, ушул сыяктуу фестивалдарда унаалар жарым күн чыдап айдап жүрө берет. Бул жерде болсо 1-2 раундда эле токтоп калууда. Айдоочуларга кеңешим, унааларын жакшыраак даярдап келишсе. Оюн талаасында кум болгондуктан да унаалардын дөңгөлөктөрү жүрбөй такалып калууда", - деди көрүүчү.