Каракчылыкка киришип, үй ээсин кордогондор кармалышты

Жалал-Абад облусунда куралчан каракчылыкка кирип, үй ээсин кордогон 2 адам кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Жылдызбек Аттокуров билдирет. Окуя 2-май күнү саат 02:00дө Аксы районундагы Нургазы Ж. аттуу адамдын үйүндө болуп өттү. Каракчылар каршылык көрсөткөн үй ээсине ок чыгарышып, бычак колдонгон. Бул факты боюнча Аксы райондук ИИБинин кызматкерлери кылмышкерлерге издөө жарыялап, 12-майда 1991-жылы туулган Хуснийин Т. менен 1993-жылы туулган Бекболсун Т. уулун колго түшүрүштү. Кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан