Япониялык Toyota Motor корпорациясы 2019-жылы уча турган унааны чыгарууга камданууда. Бул тууралуу жергиликтүү NHK басылмасы жазып чыкты.
Ал үчүн корпорация 3 жыл ичинде 42 миллион иен (25 миллион сомдой) бөлөт. Буга чейин уча турган унааны жасап жаткан адистер интернет аркылуу инвестиция таап келишкен, эми бул маселе чечилгендей көрүнөт.
Учуучу унаанын төрт жагынан 8 канаты бар болот. 2019-жылы учуучу унааны алгачкы жолу адам башкарып, ал эми 2020-жылы Токиодо өтө турчу Олимпиаданын отун дал ушул корпорациянын учуучу унаасы күйгүзөрү айтылат маалыматта.