Ноокенде эс-учун жоготуп жыгылган окуучулар бүгүн ооруканадан чыгарыла баштайт

Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунда белгисиз себептерден эс-учун жоготуп жыгылган окуучулар бүгүн саат 10:00дөн тартып чыгарыла баштайт. Бул тууралуу Ноокен райондук оорукананын башчысы Шамшидин Абдирешов бүгүн, 15-майда SUPER.KG порталына билдирди. Анын маалыматына ылайык, азыр ооруканада 29 окуучу дарыланып жатат. Белгилей кетсек, окуучулар суудан ууланганы айтылып келген.

“Учурда ооруканада 29-окуучу дарыланып жатат, абалдары жакшы. Айрымдарын бүгүн саат 10:00дөн тартып чыгара баштайбыз. Бүгүн алар ичкен суунун анализи чыгат. Ал эми төрт күндөн кийин чыкчу анализ балдардын эмнеден ууланганын так аныктайт”, - дейт Ноокен райондук оорукананын башчысы Шамшидин Абдирешов.

Дарыланып жаткан балдар окуган мектептин директоруна байланышканыбызда, маалымат берүүдөн баш тартып койду.

Эскерте кетсек, 12-май күнү Ноокендин Тоскоол айылында 30га чукул окуучу белгисиз себептер менен жыгылып ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан