Жалал-Абаддагы Тогуз-Торо районунда 16 адам тамакка ууланганы айтылууда. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда SUPER.KG порталына Тогуз-Торо районунун акими Тилек Идирисов билдирди.
"Район аймагындагы "Эркин дыйкан" тамактануучу жайынан 16 адам тамактанышкан. Алар "лагман жегенбиз" деп жатышат. Бирок ошол эле учурда лагман тамагын жегендердин айрымдары ууланышкан эмес. Учурда тиешелүү адистер тарабынан эмнеден ууланганы такталып жатат. Бүгүнкү күндө 15 адамдын абалы турукташып, бейтапканадан чыгарылды, ал эми 1 адам дарыланып жатат", - деп билдирди Идирисов.