Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунун маалыматы боюнча 13-май күнү саат 02:51де өлкөдө жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн очогу Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Алчалы айылында орун алган. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча кыйроолор жана адам өмүрүнө зыян келтирилген фактылар жок.