Аксы районунун Кош-Дөбө айыл аймагында 12 метрлик "Эйфел" мунарасынын үлгүсү курулду

Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Кош-Дөбө айыл аймагында "Эйфел" мунарасынын үлгүсү курулду. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда SUPER.KG порталына Кош-Дөбө айыл аймагынын башчысы Асанбек Тыныбеков билдирди.

"Соңку убактарда мектепти 10-20 жыл мурда бүткөн бүтүрүүчүлөр айылдын социалдык өнүгүшүнө салым кошуп келе жатат. Бул жолу айыл өкмөт тараптан бүтүрүүчүлөргө сунуш берилип, айрымдар айылдагы эскилиги жетип калган аялдамаларды жаңыдан оңдоп жатышат. Бүгүнкү күндө Иринжит орто мектебин 1997-жылы бүтүргөн бүтүрүүчүлөр "Эйфел" мунарасынын үлгүсүн орнотушту. Курулган мунара учурда Жалал-Абад облусу боюнча жалгыз Кош-Дөбө айыл аймагында болуп калды", - деп билдирди Тыныбеков.

Маалыматка ылайык, аны курууга 300 миң сом жумшалган, бийиктиги пайдубалы менен 12 метрге жетет. Түнкүсүн жарык берүүчү атайын лампалар орнотулган. Учурда айланасын жашылдандырып, гүл тигүү иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
jolbors
2017-05-15 12:09:39
Азаматсынар Кош-Доболук 1997-жылы бутургон бутуруучулор. Жасаган иштеринерге Алла сообун жазсын!
0
Leilektik
2017-05-15 12:27:06
Парижге баргычан еми Кош Добого баргыла айырмасы деле калбады молодецинер 97лер кыйын чыктынарго бул жашоодо тан калгандан тажабайм болуптур
+1
Derzki_kyrgyz
2017-05-15 14:20:42
Leilektik,брат биз Лейлектиктер качан жасайбыз пирамидаларды:)
0
BakytAliev
2017-05-15 13:01:00
Сонун сонун азаматсынар
0
Edward.14
2017-05-15 14:29:55
Охоо азаматтар Кош-Доболук 97лер!
0
asan08
2017-05-15 15:07:00
Бул деген Аксы...!!!
+1
aerforce
2017-05-16 09:02:09
asan08,эркекче айттын
0
mirbek2211
2017-05-15 15:32:53
97 лер эмес 1980-ж туулгандар 1997-ж мектепти бүтүргөндөр. 20 жылдыктар.
0
din_tomas
2017-05-15 16:35:03
Кайдагы 97лер алар али мурдун тарталбай жүрүшөт
+1
banditka
2017-05-15 18:03:41
Ошко да курулсун
0
Nazi_92
2017-05-15 19:17:53
соонун жанылык азаматсыздар!!!
0
aerforce
2017-05-16 09:03:34
Эми кечинде жаштар ошол жерде свидания болот экенда парижде жолугушалы деп))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан