"Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Бактыбек Райымкулов бүгүн, 15-майда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында бир айыл өкмөткө бир лампа орнотууга 6 миң сом жумшалганын айтты.
Анын айтымында, Мамлекеттик сатып алуу департаментинин башчысы Улан Даникеев мындай кымбат бааны көз карандысыз эксперттерге төлөп берип жатканы менен түшүндүргөн.
"2015-жылы бир лампаны орнотууга 800 сом кеткен. Ошондо 5 миң сомду бирөөнүн чөнтөгүнө салып берип жатабыз. Эл эмнеге кымбат болуп жатканын сураса, тендерге такап коёт экенсиздер. Тендер зыян алып келип жатат, жокко чыгарыш керек. Тендер жарыяланса, Бишкек шаарынын жанындагы айылдарга фирмалар барат экен. Бирок алыскы айылдарга фирмалар барбайт”, - деп эл өкүлү Улан Даникеевге кайрылды.
Улан Даникеев былтыркы жылдын жыйынтыгы тендерден жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында 1 миллиард 839 сом үнөмдөлгөнүн айтты.