"Таза коом" долбоорунун биринчи жыйынтыгы 2017-жылдын октябрында көрүнөт. Бул тууралуу 15-майда Байланыш жана маалыматтык технологиялар комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев билдирди. Үстүбүздөгү жылдын октябрында жарандарга кагаз жүзүндө маалымкат берүү токтотулары, бул иш электрондук формага өткөрүлөрү айтылды.
"Жарандар кандайдыр бир маалымкат алуу үчүн райондун борборуна же Бишкекке келип убара болбойт. Электрондук формадагы маалымкат базада сакталуу болот. Жер жерлерде калкты тейлөө борборлору ачылат", - деди Шаршембиев.
Эскерте кетсек, Бишкекте бүгүн "Таза коом" долбоору боюнча маалымат жыйын өтүүдө.