Кечээ,14-майда Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Мырзаке айылы аркылуу өткөн “Жазы-Өзгөн” каналында суунун деңгээли көтөрүлүп айылды суу каптап кетүү коркунучу жаралды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 10 турак жайды суу каптап кетүү коркунучу жаралган.
Ошондой эле аталган маалыматта 14-май күнү Араван таш кенинен таш ташылып, жээкти бекемдөө иштери жүргүзүлүп, ага 2 бульдозер, 3 ХОВО, 1 экскаватор тартылганы, учурда жумуш уланып жаткандыгы айтылат.
Эскерте кетсек, Мырзаке-Кара-Шоро унаа жолунда таш кулап, Жазы дарыясын бөгөп, Кара-Шоро жайлоосуна барчу жолду суу каптаган.