Былтыр курулган жолдор, бүгүн бузулуп жатат. Мындай нааразычылыгын бүгүн, 15-майда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов билдирди.
Анын айтымында, башка мамлекеттерде таманташ, жээкташ 100 жыл мурун салынса, азыркыга чейин абалы жакшы. Андан соң депутат Кыргыз мамлекетинде жолдордун курулушунун сапатын көзөмөлдөөчүлөр барбы деген суроо салды. Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин башчысы Улан Даникеев курулуш иштери башталарда жогорку техникалык талаптардын коюлушу керек экенин белгиледи.
Аталган комитеттин жыйынында “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатат.