Тогуз-Тородо ууланып бейтапканага түшкөндөр боюнча лабораториялык анализ жүргүзүлүүдө

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда бейтапканага түшкөн 16 адам тамактан ууланышы мүмкүн экенин бүгүн, 15-майда SUPER.KG порталына Тогуз-Торо райондук санитардык эпидемиологиялык мекеменин башчысы Асем Садырова билдирди.

"Бүгүнкү күндө бейтапканага кайрылгандар эмнеден уулангандыгын аныктоо аракетин көрүп жатабыз. Биз тамак-аштан ууланышы мүмкүн деп жатабыз, тамактын калдыктарынан алып, лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүп баштадык. Азырынча аныктала элек. 2-3 күндөн кийин жыйынтыгы чыгарылат", - деп билдирди Тогуз-Торо райондук санитардык эпидемиологиялык мекеменин башчысы Асем Садырова.

Ал эми райондук бейтапкананын башкы дарыгери Адина Умаров төмөнкүлөрдү билдирди:

"Тамактануучу жайдан тамактанып, абалы оорлошуп бейтапканага жаткандар кусуп, ич өткөккө кабылышкан. Дарыгерлер алгачкы жардам кызматтарын көрсөтүшкөн. Бейтаптардын бири лагман жегенин айтууда. Ал эми башкалары жарма ичип, котлет жегенин кошумчалашты".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан