Курманбек Осмонов: "Жогорку Кеңешке өкмөттүн 2012-жыл боюнча отчётун премьер-министр гана бериши керек"

Бүгүн, 13-майда ЖКнын Сот укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин жыйынында депутат Курманбек Осмонов Жогорку Кеңешке өкмөттүн 2012-жылдагы ишинин жыйынтыгы тууралуу отчётту премьер-министр бериши керектигин айтты. “Эгерде премьер-министр башка комитеттердин жыйынына катышып, ал жетишпей жатса анын ордуна ким келери тууралуу кат аркылуу кайрылышы керек”,- деди эл өкүлү. Ошондой эле ал отчётту угууну 16-майга жылдырууну сунуштады.

Өз кезегинде депутат Феликс Кулов “комитеттерде премьер-министр жетише албай жатыптыр, чоң жыйында өзү келет, бүгүн өкмөттүн отчётун уга берели” деген оюн айтты. Жыйынтыгында отчётту угуу чечимине келишти депутаттар. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан